1-ТЕЗДЕТИЛГЕН САБАК
КАТТАЛУУ
(1 min)
Бардык катышуучулар жана көмөкчүлөр катталсын.
Or zume.training/checkin and use code: 1397
СЫЙЫНУУ
(5 min)
Сыйынуу менен баштаңыз. Ыйык Рухсуз руханий ачылыш жана толук өзгөрүү мүмкүн эмес. Топ менен убакыт бөлүп сабакты өтүп жатканда Ал силерди жетектесин деп чакыргыла.
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
(1 min)
Бул сабакта биз төмөнкү түшүнүктөрдү угабыз жана талкуулайбыз.
Биз бул шаймандарды шаймандар тобуна кошобуз.
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
- Керектөөчү жана өндүрүүчү жашоо образы
- S.O.A.P.S. Ыйык Китепти окуу
- Жоопкерчилик топтору
- Намазда бир саатты кантип өткөрүү керек
- Мамилелик башкаруу – 100 адамдын тизмеси
READ
(5 min)
Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
Зуме тренингине кош келиңиз. Зуме грек тилинде "ачыткыны" билдирет.
Ыйса бизге Кудайдын Падышалыгы бир аял чоң көлөмдөгү унга кошкон "ачыткыга" окшош экенин айткан.
Ал ачыткыны камырга кошуп, аралаштырганда ачыткы бүтүндөй камырга тарап аны толук ачыткан.
Ыйса катардагы эле адам кичинекей бир нерсени алып, аябай чоң нерсеге таасир эте аларын көрсөткүсү келген!
Биздин кыялыбыз Ыйса айткандай --дүйнө жүзүндөгү катардагы адамдарга кичинекей курал менен Кудай Падышалыгына чоң таасир тийгизүүгө жардам берүү.
Ыйса Өз жолдоочуларына берген акыркы көрсөтмөлөр жөнөкөй болгон. Ал: "Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө, Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом" деген.
Ыйсанын буйругу жөнөкөй --Шакирт кылгыла
Аны аткаруу үчүн берген Анын көрсөтмөсү да жөнөкөй --Кайда барсаңар да, шакирт жасагыла
- Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, шакирт кылгыла
- Аларды Ыйса үйрөткөндөрүн баарына баш ийүүгө үйрөтүп шакирт кылгыла
Анда шакирт жасоонун кандай кадамдары бар?
- Биз качан жана кайда барбайлы -дайыма шакирт жасайбыз.
- Кимдир бирөө Ыйсаны ээрчүүгө чечим кылганда -ал чөмүлдүрүлүшү керек
- Алар өскөн сайын биз аларды Ыйса үйрөткөндөрдүн баарына баш ийүүнү үйрөтүшүбүз керек.
Анын буйруктарынын бири шакирт жасоо буйругу болгондуктан, Ыйсаны ээрчиген ар бир шакирт кантип шакирт жасоо керектигин да үйрөнүшү керек.
Ал шакирттер - шакирт жасоочу шакирттер. Бул шакирттер да -шакирт жасоочу шакирттер.
Көбөйүүчү шакирттер. Зуме ушундайча иштейт.
Иш аракет кылып, камырды толук көптүрүп чыкканишти ачыткы өзү аткарат.
Ыйса барып шакирт жасагыла деген буйрукту берген учурда убада да берген.
Ыйса мындай деген: "Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта мен силер менен болом".
Ыйсанын ар бир жолдоочусу Ыйсанын биз менен болом деген убадасына ишениши керек. Анткени Ал биз менен!
Ыйса мындай деген: Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик мага берилди. Ошондуктан барып шакирт жасагыла.
Ыйса бизди жиберип жатканда Ал таянган кадырлуу бийлик -- Анын бийлиги.
Ыйса мындан жогору бийлик жок экенин айтат. Бир да салт мындай бийликке ээ эмес.
Бир да маданият андай бийликке ээ эмес. Дүйнөдө бир да мыйзамдын мындай бийлиги жок.
Ыйса - Баргыла да...шакирт кылгыла деген.
Биз да Зуме - ачыткы сыяктуу бардык ишти акырына чыгарганга чейин барууну жана өсүүнү улантабыз.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Ыйса жолдоочуларынын ар бирин Өзүнүн Улуу Тапшырмасына баш ийүүсүн кааласа, эмне үчүн аз сандагылар шакирт жасайт?
READ
(5 min)
Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
Зуме тренингине кош келиңиздер. Бул сабакта, шакирттер жана жыйын жөнүндө сүйлөшөбүз.
Шакирт деген эмне? Кантип шакирт жасаса болот?
Сиз кантип дүйнөгө байланып жашаган адамды алып, аны Кудайдын Падышалыгынын жараны кылып өзгөртүп үйрөтүп даярдап чыксаңыз болот?
Шакирт деген сөздүн мааниси жолдоочу дегенди билдирет. Демек шакирт деген Кудайдын жолдоочусу. Ыйса мындай деген: Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Демек Кудайдын Падышалыгында, Ыйса - биздин Падыша. Биз Анын жарандарыбыз, Анын эркине баш ийебиз. Анын каалоосу, максаттары, ниеттери, приоритеттери, баалуулуктары эң жогору жана эң жакшы. Анын Сөзү - Мыйзам. Анда бул Падышалыктын мыйзамы кандай? Ыйса Өзүнүн жарандарына эмне кылуу керек дейт?
Ыйса мындай деген: Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!" Ыйса мындай деген: Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй. Ыйса айткан: Байыркы Келишимдеги Кудайдын осуяттары -- бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар -- ушул эки осуятка негизделген. --Кудайды жана адамдарды сүйгүлө. Ыйса: Шакирт жасагыла деген. Ыйса мындай деген: Силерге буйругандарымдын бардыгын аларга үйрөткүлө.
Шакирттерди жасоо аларга Ыйсанын осуяттарынын баарын үйрөтүүнү камтыгандыктан, Жаңы Келишимди "Шакирт жасагыла" деген бир сүйлөм менен корутундуласа болот.
Шакирт деген Кудайды сүйгөн, адамдарды сүйгөн жана шакирттерди жасаган Ыйсанын жолдоочусу.
Анда жыйын деген эмне?
Балким сиз жыйын сиз барып жүргөн жыйын имараты деген түшүнүккө көнүп калгансыз. Бирок Кудайдын Сөзү жыйын деген сиз тиешелүү болгон адамдардын тобу экенин айтат.
"Жыйын" деген сөз Ыйык Китепте үч башка мааниде колдонулат:
- Ааламдык жыйын -мурун, азыр жана келечекте Ыйсанын жолдоочусу болгон бардык адамдар
- Шаардык же аймактык жыйын -- дүйнөнүн кайсы бир аймагында же ошого жакын аймакта жашаган бардык адамдар.
- Үй жыйыны --Ыйсаны жолдогон жана алардын бири же экөөсү жашаган жерде чогулган жыйын.
Руханий үй-бүлө -Кудайды сүйгөн, шакирт жасаган, жашаган жеринде чогулуп турушкан Ыйсанын жолдоочуларынан турган акыркы айтылган жыйындын түрүн билдирген үй жыйыны же кичинекей жыйын.
Ушундай кичинекей жыйындардын тобу биригип чогуу чоңураак топту түзгөндө, алар шаардык же аймактактык жыйын болуп калышат.
Аймактардагы ушул кичинекей жыйындардын баары биригишип бүтүндөй тарыхтагы Ааламдык жыйынды түзүшөт.
БУЛ БАШ ТАМГАДАН БАШТАЛГАН "ЖЫЙЫН"
Кичинекей жыйындар - өз Падышасы Ыйса борборунда турган руханий үй-бүлөлөр. Кичинекей жыйындар - Кудайды сүйгөн, башкаларды сүйгөн жана көбөйгөн шакирттерди жасаган үй-бүлөлөр. Кээ бир жыйындардын имараттары, программалары бюджети,кызматкерлери бар. Бирок кичинекей жыйындар Кудайды сүйүү жана башкаларды сүйүү жана көбөйгөн шакирттерди жасоо үчүн буларга муктаж эмес. Ашыкча нерселердин баары жыйынды көбүрөөк татаалдаштырып, көбөйүүсүнө жолтоо болгондуктан, биздин тренинг Имараттар, Программалар Бюджет жана Кызматкерлер сыяктуу нерселерди көбөйүүчү кичинекей жыйындардан түзүлгөн шаардык же аймактык жыйындарга калтырат.
"Зуме" деген "ачыткыны", тез --көбөйүүчү бир клеткалуу организмди билдирерин унутпаңыз.
Зуме тренинги менен биз кичинекей жана көбөйүүчү ачыткыдай болууга умтулабыз.
Бирок көбөйүп баштоодон мурун - Кудай эмненин көбөйүшүн кааларын билерибизди тактап алалы. Анткени көбөйүү - жакшы нерсе, бирок кээде андай эмес. Рак оорусу да көбөйөт. Бирок ал өлтүрөт. Биз кантип өлүмдү эмес, өмүрдү көбөйтө алабыз? Көбөйгөнгө татыктуу шакирттер экенибизди кантип билебиз?
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Жыйын жөнүндө ойлонгондо, оюңузга эмне келет?
- Ошол оюңуз менен видеодо “Жөнөкөй жыйын” деген сүрөттөмөнүн ортосунда кандай айырма бар экен?
- Кайсынысын көбөйтүү жеңилирээк жана эмне үчүн?
READ
(5 min)
Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
Зуме тренингине кош келиңиздер. Бул сабакта биз Кудайдын үнүн угуу жана укканыбызга баш ийүү тууралуу сүйлөшөбүз.
Дем алуу - бул өмүр. Биз дем алабыз. Биз дем чыгарабыз. Өмүр.
Кудайдын Падышалыгында да дем алуу ушундай эле маанилүү. Чынында Кудай Өзүнүн Рухун "дем" деп атайт.
Падышалыкта биз Кудайдын үнүн УККАНДА дем АЛАБЫЗ. Биз Кудайдын Сөзү Ыйык Китеп аркылуу Кудайды УККАНДА дем алабыз. Биз СЫЙЫНУУ - Кудай менен баарлашуу аркылуу Кудайды УККАНДА дем алабыз. Биз Кудайды Анын денеси - Жыйын, Ыйсанын жолдоочулары аркылуу УККАНДА дем алабыз. Биз Кудайды АНЫН ИШТЕРИ иш чаралар, тажрыйбалар, атүгүл кээде Ал өз балдарынын өтүүсүнө жол берген куугунтуктар жана кыйынчылыктар аркылуу УККАНДА дем алабыз.
Кудайдын Падышалыгында Кудайдан укканды АТКАРГАНДА, биз дем чыгарабыз. Биз баш ийгенде дем ЧЫГАРАБЫЗ.
БАШ ИЙГЕНДЕ дем чыгаруу дегендин мааниси ойлор, сөздөр же иш аракетибизди Ыйсага жана Анын эркине ылайыктуу кылып өзгөртүүнү билдирет.
Кээде БАШ ИЙҮҮ үчүн дем чыгаруу - бул Ыйса биз менен бөлүшкөндү бөлүшүү -Кудай бизди баталаган сыяктуу башкалар да баталуу болушу үчүн Ал бергенди башкаларга берүү.
Ыйсанын жолдоочусу үчүн дем АЛУУ жана дем ЧЫГАРУУ өтө маанилүү. Бул - тирүү болуунун жолу. Ыйса мындай деген: Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат.
Ыйса мындай деген: Анткени Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган.
Ыйса Ал Өзү айткан ар бир сөз жана Ал кылган ар бир иш Кудайдан УККАН жана баш ийген нерсеге негизделгенин айтат.
Дем АЛЫҢЫЗ -Кудайды угуңуз. Дем ЧЫГАРЫҢЫЗ -Укканыңызга баш ийип ошону башкалар менен бөлүшүңүз.
Ыйса Анын жолдоочулары да Кудайды уга аларын айтат, себеби Анын Ыйык Руху -Кудайдын деми -Аны ээрчиген ар бирибиздин ичибизге деп катары берилет.
Ыйса мындай деген: Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат.
Дем АЛЫҢЫЗ -Кудайды угуңуз. Дем ЧЫГАРЫҢЫЗ -Укканыңызга баш ийип, ошону башкалар менен бөлүшүңүз.
Ыйса бизге кантип жашашты көрсөткөн.
Биз Кудайдын үнүн кантип угабыз? Эмнеге баш ийишти кантип билебиз?
Ыйса Өзүн "Жакшы Койчу" деп атаган. Ыйса жолдоочуларын "козуларым" деген.Ыйса мындай деген: Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. Ыйса мындай деген: Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Сиз Кудайга тиешелүү болбосоңуз, Кудайдын үнүн уга албайсыз.
Ыйсанын жолдоочулары катары Биз өзүбүздү Анын үнүн угууга арнашыбыз керек.
- Биз Анын үнүн тынчтыкта УГАБЫЗ.
- Биз анын үнүн Ыйсага көңүл бурганда УГАБЫЗ.
- Биз Анын үнүн ойлор, көрүнүштөр, сезимдер, таасир калтырган нерселер аркылуу УГАБЫЗ.
- Биз Анын үнүн укканыбызды жазып алып текшергенде УГАБЫЗ.
Бардык эле үндөр, ойлор жана көрүнүштөр, сезимдер же таасир калтырган нерселер Кудайдан эмес. Кээде бул душмандын үнү болушу мүмкүн. Ыйса биздин душман жалганчы, жалгандын атасы экенин айткан. Ыйса душман уурдаганы, өлтүргөнү жана талкалаганы келерин айткан.
Бирок Кудай Өзү сүйлөгөндө биз Анын үнүн УГАРЫБЫЗДЫ, Ал сүйлөгөнүн билерибизди айтат. Машыгуу жана сыйынуу аркылуу, биз Кудайдын үнүн жакшыраак билебиз. Биз уккан нерсе Кудайдын үнү же болбосо башка бирөөнүн үнү экенин биле алабыз.
Укканыбызды текшерүүнүн бир нече жолу бар:
Ыйса сүйлөгөн кезде: Анын үнү жазылган Сөзгө дайыма дал келет. Ыйык Китеп муну алдын ала айткан. Анын оозеки сөздөрү эч качан жазылган сөздөрүнө каршы чыкпайт.
Ыйса сүйлөгөндө, Анын үнү биздин жүрөктөрүбүзгө үмүт жана тынчтык сезимин берет. Анын үнү бизди айыпталган же көңүлү чөккөн бойдон калтырбайт. Ыйса айыптабайт. Ыйса сүйүү менен оңдойт.
Ыйсанын үнү дененин иштерин - ойноштук кылуу, нике бузуу ыпластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр чатак, көрө албастык жана ачуулануу, уруш талаш, келишпестик, бөлүнүү жана көрө албастык, шапар тебүүнү колдобойт. Булар Кудайдын үнүнө тиешелүү эмес.
Ыйса сүйлөгөндө, Анын үнү Кудайдын Рухунун жемиши - сүйүү, кубаныч, тынчтык жана чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук өзүн-өзү токтото билүү жөнүндө айтат.
Ыйса сүйлөгөндө -Анын үнү бизге шектенүүнүн ордуна бекем ишеним берет. Кудайдын үнүн укканыбызда, ичибизден аны сезип, тынчтыкка ээ болобуз. Биз баарын бир учурда укпашыбыз мүмкүн. Биз акыры биле тургандын бир бөлүгүн гана угушубуз мүмкүн. Бирок биз уккан нерселер бекем - туруктуу жана өзгөргүс болот.
Ыйсанын ар бир жолдоочусу үчүн жакшы кабар бар: биз дем АЛГАНДА жана Кудайды УККАНДА, анан дем ЧЫГАРЫП укканыбызга БАШ ИЙГЕНДЕ, анан укканыбызды башкалар менен БӨЛҮШКӨНДӨ - Кудай дагы да тагыраак сүйлөйт.
Анын деми биз аркылуу сыртка чыгарылат.
Биз анын үнүн дагы тагыраак УГУП калабыз. Үн башканыкы эмес, Аныкы экенин биле турган болобуз. Биз Анын дүйнөдөгү ишин КӨРӨБҮЗ жана Аны менен байланышып, иштеше алабыз.
Биз дем алабыз. Биз дем чыгарабыз. Өмүр.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Кудайдын үнүн угуп таануу эмне үчүн маанилүү?
- Теңирди угуу жана Ага жооп берүү чынында эле дем алуу сыяктуубу?
READ
(5 min)
S.O.A.P.S. Ыйык Китепти окуу
Ыйса...мындай деген: "...бардык элдерди мага шакирт кылгыла. Аларды Ата,Уул жана Ыйык Рухтун урматына сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын баарын аларга аткарууну үйрөткүлө..."
Ыйсанын ар бир шакирти Анын бардык осуяттарын аткарам десе, анда Ыйса кандай осуяттарды бергенин билиши керек.
Улуу Осуят жана Улуу Тапшырма -Кудай бизге айткан осуяттардын кыскача мазмуну, ал эми Ыйсанын жолдоочусу Кудай башынан эле каалагандай толук өсүп жетилиши үчүн мындан да көптү билиши жана баш ийиши керек.
Ж.Б.К.С.Б деген бул:
- Жазуу
- Байкоо жүргүзүү
- Колдонуу
- Сыйынуу
- Бөлүшүү
Бул - Ыйык Китепти изилдөө үйрөнүү жана эстеп калуунун таасирдүү ыкмасы; аны Ыйсанын ар бир жолдоочучу колдоно алат. Ар бир бөлүктү кененирээк карап чыгалы.
Сиз Ыйык Китепти окуганыңызда же укканыңызда:
- Жазуу : Сиз үчүн бүгүн өзгөчө маанилүү болгон бир же андан көп аятты көчүрүп жазыңыз.
- Байкоо жүргүзүү : Ошол аяттарды же негизги ойлорду жакшыраак түшүнүү үчүн, аларды өз сөзүңүз менен кайра жазып чыгыңыз.
- Колдонуу : Жашооңузда бул осуяттарга же түшүнүктөргө кандайча баш ийе аларыңыз жөнүндө ойлонуңуз. Сиз эмнени башкача кылышыңыз керек? Ошону жазыңыз.
- Сыйынуу : Кудайдын Сөзүнөн эмнелерди окуганыңызды, Анын осуяттарына баш ийүү жөнүндө эмнени түшүнгөнүңүздү жана үйрөнгөн нерселерди кантип ишке ашырарыңызды сыйынуу түрүндө жазыңыз.
- Бөлүшүү : Кудайдан өзүңүз үйрөнгөн нерсе жана аны колдонуу тууралуу ким менен бөлүшүшүңүздү кааларын сураңыз.
Анда эмесе Ж.Б.К.С.Бны. колдонуп көрөлү:
- Жазуу : Ыйык Китеп мындай дейт: "Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес", - дейт Теңир. "Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошонолук бийик, ойлорум силердин ойлоруңардан бийик". Ышайа 55:8-9
- Байкоо жүргүзүү : Адам катары менин бир нерсени билүү жана аны аткаруу жөндөмүм чектелген. Кудай эч нерседе чектелген эмес. Ал баарын көрүп, билип турат. Ал баарын кыла алат.
- Колдонуу : Кудай бардыгын билип, Анын жолдору эң жакшы болгондуктан, мен бир нерселерди өзүм туура көргөндөй кылганга караганда Аны ээрчигенде алда канча көп ийгиликке жетем.
- Сыйынуу : Теңирим, мен кантип сага жагып жана башкаларга жардам берип жашашты билбейм. Менин чечимдерим катага алып келет. Ойлорум жаралайт. Мага Өз жолдоруңду жана ойлоруңду үйрөтчү. Мен сени ээрчигенде Ыйык Рухуң мени жетектесинчи.
- Бөлүшүү : Мен бул аяттарды жана аларды кантип колдонууну кыйын учурдан өтүп жаткан досум Сталбек менен бөлүшөм. Ал маанилүү чечимдердин алдында жетектөөгө муктаж болуп турат.
Ж.Б.К.С.Б. Ыйык Китепти изилдөө. Зуме шаймандар топтомундагы эң жөнөкөй куралдардын бири.
ИШ АРАКЕТ
(30 min)
Ж.Б.К.С.Б. Ыйык Китепти изилдөө
Мазмуну:
Жазуу
Бүгүн сиз үчүн өзгөчө маанилүү болгон бир же андан көп аятты жазыңыз.
Байкоо жүргүзүү
Ал аяттарды же негизги ойлорду жакшыраак түшүнүү үчүн өз сөзүңүз менен жазыңыз.
Колдонуу
Бул осуяттарга өз жашооңузда баш ийүү тууралуу ойлонуңуз.
Сыйынуу
Кудайга эмнени үйрөнгөнүңүздү жана кантип баш ийериңизди айтып, сыйынуу жазыңыз.
Бөлүшүү
Кудайдан Ал сизди үйрөнгөн/колдонгон нерсени ким менен бөлүшүүңүздү кааларын сураңыз.
Төмөндө Ж.Б.К.С.Б кандай болорунун мисалы берилген:
Ж - "Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, - дейт Теңир. Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик". Ышайа 55:8-9
Б - Адам баласы катары менин билимим жана билгенимди аткаруу жөндөмүм чектелген. Кудай эч нерседе чектелген эмес. Ал БАРДЫГЫН көрүп турат жана билет. Ал БАРДЫГЫН кыла алат.
К - Кудай бардыгын билгендиктен жана Анын жолдору эң жакшы болгондуктан, мен иштерди өзүмдүн күчүм менен кылгандын ордуна Аны ээрчисем, көбүрөөк ийгиликтүү болом.
С - Теңир мен Сага жаккандай башкаларга жардам бере алгыдай өмүрдү кантип сүрүү керектигин билбейм. Менин жолдорум жаңылыштуу. Менин ойлорум жаралайт. Мага анын ордуна Сенин жолдоруңду, ойлоруңду үйрөтчү. Мен сени ээрчигенде Ыйык Рух мени жетектесинчи.
Б - Мен бул аяттарды жана бул тиркемени кыйналып жаткан жана маанилүү чечимдин алдында турган досум Сталбек менен бөлүшөм.
READ
(5 min)
Жоопкерчилик топтору
Ыйса мындай деген: "Кимге көп берилсе,андан көп талап кылынат, ал эми кимге көп ишенип тапшырылса, андан көп суралат".
Ыйса жоопкерчилик тууралуу көп окуяларды бөлүшкөн жана биз сөздөрүбүз менен иштерибиз үчүн жооп берерибиз жөнүндө көп чындыктарды айткан.
Биз кийинчерээк даяр болушубуз үчүн, Ыйса алар жөнүндө азыр айтат. Анын алдында жооп бере турган күн келе тургандыктан, азыртан баштап жоопкерчиликтүү болууну үйрөнүү туура болот.
Жоопкерчилик топтору бир жыныстагы эки же үч адамдан түзүлөт - мырзалар мырзалар менен, айым айымдар менен жумасына бир жолу жолугуп, бир катар суроолорду талкуулашат; бул жашоолорубузда иштер туура жүрүп жаткан жана оңдоону талап кылган тармактарды аныктоого жардам берет.
Ыйсанын ар бир жолдоочусу жоопко тартыла турган күн келет, демек Ыйсанын жолдоочу башкалардын алдында болгон жоопкерчиликти үйрөнүүсү керек.
Жоопкерчилик Топтору. Зуме шаймандар топтомундагы дагы бир жөнөкөй курал.
ИШ АРАКЕТ
(20 min)
Жоопкерчилик топтору
- Кудайдын иштеп жатканын кантип көрө алдыңыз?
- Сөзүңүз жана ишиңиз менен Ыйса Машайактын улуулугун бул жумада күбөлөндүрө алдыңызбы?
- Сексуалдык жактан кызыктырган материалдарга туш болуп же акыл эсиңизге сексуалдыкка тиешелүү ойлордун кирүүсүнө жол бердиңизби?
- Акчаны колдонууда Кудайдын эгедерлигин мойнуңузга алдыңызбы?
- Бир нерсеге көз арттыңызбы?
- Сөзүңүз менен кимдир бирөөнүн кадырын же сезимдерин жараладыңызбы?
- Сиз сөзүңүз же ишиңизде жалганчы болуп, аша чаап кеткен учур болдубу?
- Сиз көз карандылык (жалкоо же тартипсиз) жүрүм-турумга берилип кеттиңизби?
- Сиз кийим, достор, жумуш же мүлккө кул болдуңузбу?
- Кимдир бирөөнү кечире албаган учур болдубу?
- Сиз кандай кооптонуу жана тынчсызданууга туш болуп жатасыз?
- Сиз арызданып же күңкүлдөгөн учур болдубу?
- Сиз ыраазы жүрөктү сактап калдыңызбы?
- Сиз маанилүү мамилелерде сыйлуу, түшүнүүчү жана берешен болдуңузбу?
- Ой, сөз же ишиңизде кандай азыгырыктарга туш болдуңуз жана аны кандай чечтиңиз?
- Сиз башкаларга, өзгөчө ишенүүчүлөргө кызмат кылуу жана бата болуу мүмкүнчүлүгүн кандай колдондуңуз?
- Сыйынууга так жоопторду алдыңызбы ?
КАРАП ЧЫГУУ
(1 min)
Бул сабакта уккан түшүнүктөр:
Бул сабакта уккан шаймандар:
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
- Керектөөчү жана өндүрүүчү жашоо образы
- S.O.A.P.S. Ыйык Китепти окуу
- Жоопкерчилик топтору
- Намазда бир саатты кантип өткөрүү керек
- Мамилелик башкаруу – 100 адамдын тизмеси
Take a Break
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
(1 min)
Бул сабакта биз төмөнкү түшүнүктөрдү угабыз жана талкуулайбыз.
Биз бул шаймандарды шаймандар тобуна кошобуз.
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
- Керектөөчү жана өндүрүүчү жашоо образы
- S.O.A.P.S. Ыйык Китепти окуу
- Жоопкерчилик топтору
- Намазда бир саатты кантип өткөрүү керек
- Мамилелик башкаруу – 100 адамдын тизмеси
READ
(5 min)
Керектөөчү жана өндүрүүчү жашоо образы
Бул сабакта, биз Ыйсанын жолдоочусуна жөн эле КЕРЕКТӨӨЧҮ эмес Кудайдын Падышалыгында ӨНДҮРҮҮЧҮ болууну үйрөтүү тууралуу сүйлөшөбүз.
Кудай Өзүнүн жеткилең планында бизди тең салмактуу жашоо - ӨНДҮРҮҮ жана КЕРЕКТӨӨ, ЖАРАТУУ жана КОЛДОНУУ, ТӨГҮҮ, ТОЛУУ жана кайра ТӨГҮҮ үчүн жараткан. Бирок бул талкаланган дүйнөдө адамзат Кудайдын планын четке каккан жана Кудайдын жеткилең формуласын жарым-жартылай гана ишке ашырып жашап калышкан. Алар ҮЙРӨНҮШӨТ, бирок бөлүшпөйт. Алар ТОЛУШАТ, бирок эч качан төгүшпөйт. Алар КЕРЕКТЕШЕТ, бирок өндүрүшпөйт.
Биз көбөйүүчү шакирттерди жасагыбыз келсе, алар менен керектөөчү гана эмес өндүрүүчү болуу тууралуу бөлүшүшүбүз керек.
Бизди Рухта өстүрүү үчүн Кудай жазылган Сөзүн мындайча колдонот. Биз аны Ыйык Жазуу же Ыйык Китеп деп атайбыз.
Ар бир шакирт Жазууну үйрөнүүгө, чечмелөөгө, жана колдонууга даяр болушу керек. Миңдеген жылдар бою жана ар түрдүү авторлор аркылуу Кудай ишенимдүү адамдардын жүрөктөрүнө Өзүнүн сөзүн сүйлөгөн. Алар уккандарын жазып калышкан жана бөлүшкөн. Жазуулар бизге Кудайдын баянын, пландарын, жүрөгүн, жолдорун үйрөтөт.
Мурунку бир сабакта биз эки жөнөкөй куралды өздөштүргөнбүз: ЖБКСБ Ыйык Китепти изилдөөну жана Жоопкерчилик Топторун. Мындан кийинки сабакта дагы бир жөнөкөй ыкманы үйрөнөсүз -ал - 3/3 топтору. Бул үч курал жаңы жолдоочуларды Кудайдын Жазылган Сөзүн чечмелөөгө жана колдонууга даярдоого чогуу жардам берет. Алар Кудайдын Сөзүн угуучулар гана эмес, аткаруучулар да, бөлүшүүчүлөр да болушат.
Кудай ошондой эле биз руханий өсүү үчүн, сыйынуу аркылуу түшүнө алган Оозеки Сөзүн берген. Сыйынуу Кудай менен сүйлөшүп, Аны угууну билдирет. Сыйынуу бизге Кудайды жакыныраак таанып, Анын жүрөгүн, эркин, жолдорун түшүнүүгө жардам берет. Сыйынуу башкаларга кызмат кылганга, адамдарды жана топторду Кудайды жакшы таанып билгидей кылып үйрөтүүгө жана бөлүшүүгө жардам берет.
Эки жөнөкөй курал -Басып Сыйынуу жана Сыйынуу Айлампасы жолдоочуларга жеке сыйынуу жашоосун өнүктүрүүгө, башкаларга кызмат кылуу үчүн сыйынууну үйрөнүүгө жардам берет. Бул куралдар тынымсыз сыйынууну адат кылып өнүктүрүүгө жана көзгө көрүнгөн нерсеге таянуунун ордуна дүйнөнү руханий көз караш менен кароону үйрөнгөнгө жардам берет.
Аларды туруктуу колдонгондо алар Ыйсанын жолдоочусунун сыйынуу жөндөмүн күчөтөт жана Кудайдын үнүн угуу, укканын бөлүшүү жөндөмүн арттырат.
Кудай биз руханий өсүшүбүз үчүн Ыйсанын жолдоочуларынын Жыйыны деп аталган ишенүүчүлөрдөн турган Денесин колдонот. Биз ишенүүчүлөрдүн чогулушу катары байланыштабыз. Кудайдын Сөзү Ыйсада бизди баары бири-бирине таандык болгон дененин көптөгөн мүчөлөрү дейт. Башкача айтканда, биз Кудай менен гана эмес, бири-бирибиз менен да байланыштабыз. Кудай бири-бириңерге баш ийгиле дейт. Бири-бириңерге кызмат кылгыла дейт. Ар бирибиздин күчтүү жактарыбыз жана алсыз жактарыбыз бар. Кудай биз күчтүү жактарыбызды колдонуп, алсыздарга жардам беришибизди каалайт. Анан Кудай өзүбүздүн алсыздыгыбызда башкаларга Андан алган күч менен бизге жардам берүүгө жол берүүбүздү күтөт.
Кудайдын Сөзү Кудай ар бирибизге өзгөчө жөндөмдөрдү бергенин айтат; Аларды Кудайдын баталарын башкаларга өткөрүп берип,башкаларга жардам берүүгө сөзсүз колдонгула. 3/3 Топтор, Жоопкерчилик Топтору жана Теңдештердин Көмөк Топтору сыяктуу жөнөкөй куралдар бири-бирибизди сүйүүгө шыктандырат жана Кудай бизге Өзү айткандарга баш ийүүгө жардам берүү аркылуу гана иш кылбастан, үйрөнгөн нерселерибизди башкалар менен бөлүшүүгө жардам берет.
Кудай бизди Куугунтук жана Азапты - Ыйса үчүн курман кылган жана жоготкон нерселерибизди - колдонуп, бизди рухий жактан өстүрөт. Биз Ыйсаны сүйүп жана баш ийген үчүн адамдар бизди басынтканда жана жаралаганда же Ыйсаны сүйүп, баш ийсек да жамандык болуп кеткенде учурда Кудай куугунтуктарды жана азап чегүүлөрдү мүнөзүбүздү жаңылап, бизди Ыйсага көбүрөөк окшоштуруу үчүн колдонот. Ал биздин мүнөздү калыптандырып, ишенимибизди тазалап жана бекемдеп, кызматка даярдайт жана өзгөчө кыйынчылыкка туш болгон башкаларга кызмат кылууга жол берет; ошондо бизди көрүп турган жана азабыбызды билген адамга Ал өзүн көбүрөөк ачып берет. Кудай биз Ыйсанын жолдоочулары катары куугунтукка кабыларыбызды билишибизди каалайт.
Ыйса мындай деген: Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.
3/3 Тобу жана Жоопкерчилик Тобу сыяктуу жөнөкөй куралдар Ыйсанын жолдоочуларына куугунтуктарды жана азаптарды бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул топтор силерге Кудайдын Сөзү эскерткендей, кыйынчылыкка туш боло турган шакирттерди окутуу, кыйын учурларда Кудайдын сүйүүсүнө ишенип жакшы жооп кайтарууга даярдоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Жазуу. Сыйынуу. Денеде Жашоо. Куугунтук жана Азап чегүү. Ушул жолдор аркылуу Кудай бизди жеткилең Уулуна окшоштуруу үчүн өстүрөт.
Жөнөкөй куралдар Кудай бизге берген жакшы нерселерди керектөөчү эле эмес, өндүрүүчү жана бөлүшүүчү болушубузду да каалайт.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Жогоруда айтылган (сыйынуу, Кудайдын Сөзү ж.б.) төрт тармактын кайсынысын сиз буга чейин эле колдонуп келгенсиз?
- Кайсынысы боюнча өзүңүзгө ишенбей турасыз?
- Башкаларды үйрөтүүгө келгенде өзүңүздү канчалык ишенимдүү сезесиз?
READ
(5 min)
Намазда бир саатты кантип өткөрүү керек
Ыйса жолдоочуларынасыйынуунун максаты, тажрыйбасы жана убадалары жөнүндө көп үйрөткөн.
Ыйса мындай деген: "Сурагыла, ошондо силерге берилет; Издегиле, ошондо табасыңар; Тыкылдаткыла,ошондо силерге эшик ачылат. Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат".
Ыйса жолдоочуларына сыйынуу элдин мактоосуна ээ болуу, өзүмчүл каалоолор же жаттап алып кайталай берген сөздөр эмес экенин айткан.
Ыйса сыйынуунун күчү бар экенин көрсөткөн, анткени сыйынуу -бул бизди сүйгөн асмандагы Атабыз менен түз жана үзгүлтүксүз сүйлөшүү. Башка жакшы баарлашуудай эле жакшы сыйынуу эки тараптын тең угуусун жана сүйлөөсүн талап кылат. Бирок ааламды жараткан Кудайга кайрылып сүйлөө коркунучтуу сезилиши мүмкүн. Ал эми кайра жооп угуу көп адамдарда коркунуч жаратып,үрөйүн учурса керек.
Жакшы кабар бар: сыйынууну жакшыраак үйрөнүү -бизди сүйгөн Кудай менен жакшыраак жана тереңирээк сүйлөшүү -мүмкүн гана эмес, Кудай бизден каалаган нерсе.
Бирок сыйынуу жаңы тилди үйрөнүү сыяктуу сезилсе, аны кантип өздөштүрө аласыз? Жооп жөнөкөй - аны колдонушуңуз керек. Сыйынуу айлампасы - сыйынууну колдонуунун жөнөкөй куралы; аны өзүңүз колдонсоңуз жана башка жолдоочу менен бөлүшсөңүз болот.
Ар бири 5 мүнөт уланган 12 кадамдан турган Сыйынуу айлампасы сизге Ыйык Китеп үйрөткөн сыйынуунун 12 жолун көрсөтүп берет. Акырында сиз бир саат сыйынып каласыз. Ыйык Китеп бизге -- "Үзгүлтүксүз сыйынгыла", - дейт. Көпчүлүгүбүз андай кыла албайбыз. Бирок ушул сыйынуу саатында сиз ошого жакындайсыз.
Сыйынуу айлампасы -Зуме шаймандар топтомундагы дагы бир жөнөкөй курал.
ИШ АРАКЕТ
(60 min)
Сыйынуу айлампасы
**Мазмуну: **
Ар бири 5 мүнөттүк 12 жөнөкөй кадамдан турган бул сыйынуу айлампасы сизди Ыйык Китеп үйрөткөн сыйынуунун 12 жолу менен жетектейт.
[сүрөт_сыйынуу айлампасы]
ДАҢКТОО. Сыйынууну Теңирди даңктоо менен баштаңыз. Азыр оюңузда болгон нерсе үчүн Аны даңктаңыз. Акыркы жумада Ал сиздин жашооңузда кылган өзгөчө нерсе үчүн ыраазычылык келтириңиз. Анын Үй-бүлөңүзгө жакшылыгы үчүн даңктаңыз.
КҮТҮҮ. Теңирди күтүүгө убакыт бөлүңүз. Тынчтыкта болуңуз, ал сизге оюңузду топтоого жардам берсин.
МОЮНГА АЛУУ. Ыйык Рухтан жашооңуздагы Ага жакпаган нерселерди көрсөтсүн деп сураныңыз. Андан туура эмес жүрүм-турум жана өзгөчө моюнга алып сыйынбаган иштерди көрсөтсүн деп сураныңыз. Эми тазалануу үчүн аларды Теңирдин алдында моюнга алыңыз.
СӨЗДҮ ОКУҢУЗ. Забурларды, пайгамбарларды, же Жаңы Келишимде үзүндүлөрдү окууга убакыт бөлүңүз.
СУРАҢЫЗ. Өзүңүз үчүн сураныңыз.
АРАЧЫЛЫК. Башкалар үчүн сураныңыз.
СӨЗ БОЮНЧА СЫЙЫНЫҢЫЗ. Так үзүндүлөр боюнча сыйыныңыз. Жазуудагы сыйынуулар жана бир катар Забурлар буга ылайыктуу.
РАХМАТ АЙТУУ. Жашооңуздагы бир нерселер, үй-бүлөңүз жана жыйыныңыз үчүн Теңирге ыраазычылык айтыңыз.
ЫРДОО. Даңктоо, мактоо, гимн же башка рухий ыр ырдаңыз.
ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ. Теңирден сизге сүйлө деп сураныңыз. Ал сизге айткан ойлорду жазып алууга даяр болуу үчүн калем менен барак даярдаңыз.
УГУУ. Окуган, сыйынган, ырдаган нерселерди бириктирип, Теңир алардын бардыгын сизге сүйлөө үчүн кандай колдонорун көрүңүз.
ДАҢКТОО. Теңирди Аны менен өткөргөн убакыт үчүн жана Ал сизге берген таасир үчүн даңктаңыз. Аны даңктуу сапаттары үчүн даңктаңыз.
"Дүйнөнү өзгөрткөн саат" деген Дик Истмандын китебинен (The Hour that Changes the World (C) 2002 by Dick Eastman, Chosen Books, Grand Rapids)., уруксат менен колдонулду.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Бир саат сыйынуу дегенге кандай реакция кыласыз?
- Өзүңүздү кандай сезесиз?
- Бир нерсе үйрөнүп же уктуңузбу?
- Ушул сыяктуу сыйынууну туруктуу адат кылып алсаңыз жашоо кандай болмок?
READ
(5 min)
Мамилелик башкаруу – 100 адамдын тизмеси
Ыйса: "Баргыла да, шакирт кылгыла..." деген. Анын жолдоочулары ошондой кылышкан.
Алар үй-бүлөлөрүнө барышкан. Алар досторуна барышкан. Шаарда тааныган адамдарына барышкан. Алар чогуу иштеген адамдарга барышкан. Алар барышкан.
Ыйса "баргыла" дегенде алар баш ийишкен. Кудайдын үй-бүлөсү өскөн.
Кудай бизге "барып шакирт кылуу" үчүн керектүү мамилелерди мурун эле түзүп берген. Алар биздин үй-бүлө, достор, жакындарыбыз, чогуу иштешкендер, классташтар -биз өмүр бою тааныган адамдар, биз жаңы жолуккан адамдар.
Кудай бизге жашообузда жолуктурган адамдарга ишенимдүү болуу -бул шакирттерди көбөйтүүдө биринчи чоң кадам. Аны тизме түзүү сыяктуу жөнөкөй кадамдан баштаса болот.
100дүн тизмеси -Зуме шаймандар топтомунда шакирттерди көбөйтүү үчүн жөнөкөй курал.
ИШ АРАКЕТ
(30 min)
Өзүңүздүн 100 адамдан турган тизмеңизди түзүңүз
Мамилелер боюнча жоопкерчилик тизмеңизди түзүңүз: таасир чөйрөңүздөгү адамдарды жазып чыгыңыз. Ар бир адам шакиртпи, азырынча ишене элекпи же ишеним абалы белгисизби — белгилеңиз.
Топто ар бир адам өз тизмесин түзүшү үчүн убакыт бөлүңүз. Кагазды же окуу материалдарыңыздагы санарип куралдарды колдонсоңуз болот.
КАРАП ЧЫГУУ
(1 min)
Бул сабакта уккан түшүнүктөр:
Бул сабакта уккан шаймандар:
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
- Керектөөчү жана өндүрүүчү жашоо образы
- S.O.A.P.S. Ыйык Китепти окуу
- Жоопкерчилик топтору
- Намазда бир саатты кантип өткөрүү керек
- Мамилелик башкаруу – 100 адамдын тизмеси