1-САБАК
КАТТАЛУУ
(1 min)
Бардык катышуучулар жана көмөкчүлөр катталсын.
Or zume.training/checkin and use code: 3354
СЫЙЫНУУ
(5 min)
Сыйынуу менен баштаңыз. Ыйык Рухсуз руханий ачылыш жана толук өзгөрүү мүмкүн эмес. Топ менен убакыт бөлүп сабакты өтүп жатканда Ал силерди жетектесин деп чакыргыла.
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
(1 min)
Бул сабакта биз төмөнкү түшүнүктөрдү угабыз жана талкуулайбыз.
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
READ
(5 min)
Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
Зуме тренингине кош келиңиз. Зуме грек тилинде "ачыткыны" билдирет.
Ыйса бизге Кудайдын Падышалыгы бир аял чоң көлөмдөгү унга кошкон "ачыткыга" окшош экенин айткан.
Ал ачыткыны камырга кошуп, аралаштырганда ачыткы бүтүндөй камырга тарап аны толук ачыткан.
Ыйса катардагы эле адам кичинекей бир нерсени алып, аябай чоң нерсеге таасир эте аларын көрсөткүсү келген!
Биздин кыялыбыз Ыйса айткандай --дүйнө жүзүндөгү катардагы адамдарга кичинекей курал менен Кудай Падышалыгына чоң таасир тийгизүүгө жардам берүү.
Ыйса Өз жолдоочуларына берген акыркы көрсөтмөлөр жөнөкөй болгон. Ал: "Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө, Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом" деген.
Ыйсанын буйругу жөнөкөй --Шакирт кылгыла
Аны аткаруу үчүн берген Анын көрсөтмөсү да жөнөкөй --Кайда барсаңар да, шакирт жасагыла
- Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, шакирт кылгыла
- Аларды Ыйса үйрөткөндөрүн баарына баш ийүүгө үйрөтүп шакирт кылгыла
Анда шакирт жасоонун кандай кадамдары бар?
- Биз качан жана кайда барбайлы -дайыма шакирт жасайбыз.
- Кимдир бирөө Ыйсаны ээрчүүгө чечим кылганда -ал чөмүлдүрүлүшү керек
- Алар өскөн сайын биз аларды Ыйса үйрөткөндөрдүн баарына баш ийүүнү үйрөтүшүбүз керек.
Анын буйруктарынын бири шакирт жасоо буйругу болгондуктан, Ыйсаны ээрчиген ар бир шакирт кантип шакирт жасоо керектигин да үйрөнүшү керек.
Ал шакирттер - шакирт жасоочу шакирттер. Бул шакирттер да -шакирт жасоочу шакирттер.
Көбөйүүчү шакирттер. Зуме ушундайча иштейт.
Иш аракет кылып, камырды толук көптүрүп чыкканишти ачыткы өзү аткарат.
Ыйса барып шакирт жасагыла деген буйрукту берген учурда убада да берген.
Ыйса мындай деген: "Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта мен силер менен болом".
Ыйсанын ар бир жолдоочусу Ыйсанын биз менен болом деген убадасына ишениши керек. Анткени Ал биз менен!
Ыйса мындай деген: Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик мага берилди. Ошондуктан барып шакирт жасагыла.
Ыйса бизди жиберип жатканда Ал таянган кадырлуу бийлик -- Анын бийлиги.
Ыйса мындан жогору бийлик жок экенин айтат. Бир да салт мындай бийликке ээ эмес.
Бир да маданият андай бийликке ээ эмес. Дүйнөдө бир да мыйзамдын мындай бийлиги жок.
Ыйса - Баргыла да...шакирт кылгыла деген.
Биз да Зуме - ачыткы сыяктуу бардык ишти акырына чыгарганга чейин барууну жана өсүүнү улантабыз.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Ыйса жолдоочуларынын ар бирин Өзүнүн Улуу Тапшырмасына баш ийүүсүн кааласа, эмне үчүн аз сандагылар шакирт жасайт?
READ
(5 min)
Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
Зуме тренингине кош келиңиздер. Бул сабакта, шакирттер жана жыйын жөнүндө сүйлөшөбүз.
Шакирт деген эмне? Кантип шакирт жасаса болот?
Сиз кантип дүйнөгө байланып жашаган адамды алып, аны Кудайдын Падышалыгынын жараны кылып өзгөртүп үйрөтүп даярдап чыксаңыз болот?
Шакирт деген сөздүн мааниси жолдоочу дегенди билдирет. Демек шакирт деген Кудайдын жолдоочусу. Ыйса мындай деген: Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Демек Кудайдын Падышалыгында, Ыйса - биздин Падыша. Биз Анын жарандарыбыз, Анын эркине баш ийебиз. Анын каалоосу, максаттары, ниеттери, приоритеттери, баалуулуктары эң жогору жана эң жакшы. Анын Сөзү - Мыйзам. Анда бул Падышалыктын мыйзамы кандай? Ыйса Өзүнүн жарандарына эмне кылуу керек дейт?
Ыйса мындай деген: Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, бүт жан-дилиң менен, бүт түшүнүгүң менен жана бардык күч-кубатың менен сүй!" Ыйса мындай деген: Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй. Ыйса айткан: Байыркы Келишимдеги Кудайдын осуяттары -- бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар -- ушул эки осуятка негизделген. --Кудайды жана адамдарды сүйгүлө. Ыйса: Шакирт жасагыла деген. Ыйса мындай деген: Силерге буйругандарымдын бардыгын аларга үйрөткүлө.
Шакирттерди жасоо аларга Ыйсанын осуяттарынын баарын үйрөтүүнү камтыгандыктан, Жаңы Келишимди "Шакирт жасагыла" деген бир сүйлөм менен корутундуласа болот.
Шакирт деген Кудайды сүйгөн, адамдарды сүйгөн жана шакирттерди жасаган Ыйсанын жолдоочусу.
Анда жыйын деген эмне?
Балким сиз жыйын сиз барып жүргөн жыйын имараты деген түшүнүккө көнүп калгансыз. Бирок Кудайдын Сөзү жыйын деген сиз тиешелүү болгон адамдардын тобу экенин айтат.
"Жыйын" деген сөз Ыйык Китепте үч башка мааниде колдонулат:
- Ааламдык жыйын -мурун, азыр жана келечекте Ыйсанын жолдоочусу болгон бардык адамдар
- Шаардык же аймактык жыйын -- дүйнөнүн кайсы бир аймагында же ошого жакын аймакта жашаган бардык адамдар.
- Үй жыйыны --Ыйсаны жолдогон жана алардын бири же экөөсү жашаган жерде чогулган жыйын.
Руханий үй-бүлө -Кудайды сүйгөн, шакирт жасаган, жашаган жеринде чогулуп турушкан Ыйсанын жолдоочуларынан турган акыркы айтылган жыйындын түрүн билдирген үй жыйыны же кичинекей жыйын.
Ушундай кичинекей жыйындардын тобу биригип чогуу чоңураак топту түзгөндө, алар шаардык же аймактактык жыйын болуп калышат.
Аймактардагы ушул кичинекей жыйындардын баары биригишип бүтүндөй тарыхтагы Ааламдык жыйынды түзүшөт.
БУЛ БАШ ТАМГАДАН БАШТАЛГАН "ЖЫЙЫН"
Кичинекей жыйындар - өз Падышасы Ыйса борборунда турган руханий үй-бүлөлөр. Кичинекей жыйындар - Кудайды сүйгөн, башкаларды сүйгөн жана көбөйгөн шакирттерди жасаган үй-бүлөлөр. Кээ бир жыйындардын имараттары, программалары бюджети,кызматкерлери бар. Бирок кичинекей жыйындар Кудайды сүйүү жана башкаларды сүйүү жана көбөйгөн шакирттерди жасоо үчүн буларга муктаж эмес. Ашыкча нерселердин баары жыйынды көбүрөөк татаалдаштырып, көбөйүүсүнө жолтоо болгондуктан, биздин тренинг Имараттар, Программалар Бюджет жана Кызматкерлер сыяктуу нерселерди көбөйүүчү кичинекей жыйындардан түзүлгөн шаардык же аймактык жыйындарга калтырат.
"Зуме" деген "ачыткыны", тез --көбөйүүчү бир клеткалуу организмди билдирерин унутпаңыз.
Зуме тренинги менен биз кичинекей жана көбөйүүчү ачыткыдай болууга умтулабыз.
Бирок көбөйүп баштоодон мурун - Кудай эмненин көбөйүшүн кааларын билерибизди тактап алалы. Анткени көбөйүү - жакшы нерсе, бирок кээде андай эмес. Рак оорусу да көбөйөт. Бирок ал өлтүрөт. Биз кантип өлүмдү эмес, өмүрдү көбөйтө алабыз? Көбөйгөнгө татыктуу шакирттер экенибизди кантип билебиз?
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Жыйын жөнүндө ойлонгондо, оюңузга эмне келет?
- Ошол оюңуз менен видеодо “Жөнөкөй жыйын” деген сүрөттөмөнүн ортосунда кандай айырма бар экен?
- Кайсынысын көбөйтүү жеңилирээк жана эмне үчүн?
READ
(5 min)
Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
Зуме тренингине кош келиңиздер. Бул сабакта биз Кудайдын үнүн угуу жана укканыбызга баш ийүү тууралуу сүйлөшөбүз.
Дем алуу - бул өмүр. Биз дем алабыз. Биз дем чыгарабыз. Өмүр.
Кудайдын Падышалыгында да дем алуу ушундай эле маанилүү. Чынында Кудай Өзүнүн Рухун "дем" деп атайт.
Падышалыкта биз Кудайдын үнүн УККАНДА дем АЛАБЫЗ. Биз Кудайдын Сөзү Ыйык Китеп аркылуу Кудайды УККАНДА дем алабыз. Биз СЫЙЫНУУ - Кудай менен баарлашуу аркылуу Кудайды УККАНДА дем алабыз. Биз Кудайды Анын денеси - Жыйын, Ыйсанын жолдоочулары аркылуу УККАНДА дем алабыз. Биз Кудайды АНЫН ИШТЕРИ иш чаралар, тажрыйбалар, атүгүл кээде Ал өз балдарынын өтүүсүнө жол берген куугунтуктар жана кыйынчылыктар аркылуу УККАНДА дем алабыз.
Кудайдын Падышалыгында Кудайдан укканды АТКАРГАНДА, биз дем чыгарабыз. Биз баш ийгенде дем ЧЫГАРАБЫЗ.
БАШ ИЙГЕНДЕ дем чыгаруу дегендин мааниси ойлор, сөздөр же иш аракетибизди Ыйсага жана Анын эркине ылайыктуу кылып өзгөртүүнү билдирет.
Кээде БАШ ИЙҮҮ үчүн дем чыгаруу - бул Ыйса биз менен бөлүшкөндү бөлүшүү -Кудай бизди баталаган сыяктуу башкалар да баталуу болушу үчүн Ал бергенди башкаларга берүү.
Ыйсанын жолдоочусу үчүн дем АЛУУ жана дем ЧЫГАРУУ өтө маанилүү. Бул - тирүү болуунун жолу. Ыйса мындай деген: Атасынын кылганын көрбөсө, Уулу Өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Анткени Уулу Атасы кылганды кылат.
Ыйса мындай деген: Анткени Мен Өз атымдан сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мага Мени жиберген Атам осуят кылган.
Ыйса Ал Өзү айткан ар бир сөз жана Ал кылган ар бир иш Кудайдан УККАН жана баш ийген нерсеге негизделгенин айтат.
Дем АЛЫҢЫЗ -Кудайды угуңуз. Дем ЧЫГАРЫҢЫЗ -Укканыңызга баш ийип ошону башкалар менен бөлүшүңүз.
Ыйса Анын жолдоочулары да Кудайды уга аларын айтат, себеби Анын Ыйык Руху -Кудайдын деми -Аны ээрчиген ар бирибиздин ичибизге деп катары берилет.
Ыйса мындай деген: Менин ысымым урматына Атам жибере турган Сооротуучу, Ыйык Рух, силерге баарын үйрөтөт жана Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салат.
Дем АЛЫҢЫЗ -Кудайды угуңуз. Дем ЧЫГАРЫҢЫЗ -Укканыңызга баш ийип, ошону башкалар менен бөлүшүңүз.
Ыйса бизге кантип жашашты көрсөткөн.
Биз Кудайдын үнүн кантип угабыз? Эмнеге баш ийишти кантип билебиз?
Ыйса Өзүн "Жакшы Койчу" деп атаган. Ыйса жолдоочуларын "козуларым" деген.Ыйса мындай деген: Менин койлорум Менин үнүмдү угушат. Мен аларды тааныйм, алар Мени ээрчишет. Ыйса мындай деген: Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Сиз Кудайга тиешелүү болбосоңуз, Кудайдын үнүн уга албайсыз.
Ыйсанын жолдоочулары катары Биз өзүбүздү Анын үнүн угууга арнашыбыз керек.
- Биз Анын үнүн тынчтыкта УГАБЫЗ.
- Биз анын үнүн Ыйсага көңүл бурганда УГАБЫЗ.
- Биз Анын үнүн ойлор, көрүнүштөр, сезимдер, таасир калтырган нерселер аркылуу УГАБЫЗ.
- Биз Анын үнүн укканыбызды жазып алып текшергенде УГАБЫЗ.
Бардык эле үндөр, ойлор жана көрүнүштөр, сезимдер же таасир калтырган нерселер Кудайдан эмес. Кээде бул душмандын үнү болушу мүмкүн. Ыйса биздин душман жалганчы, жалгандын атасы экенин айткан. Ыйса душман уурдаганы, өлтүргөнү жана талкалаганы келерин айткан.
Бирок Кудай Өзү сүйлөгөндө биз Анын үнүн УГАРЫБЫЗДЫ, Ал сүйлөгөнүн билерибизди айтат. Машыгуу жана сыйынуу аркылуу, биз Кудайдын үнүн жакшыраак билебиз. Биз уккан нерсе Кудайдын үнү же болбосо башка бирөөнүн үнү экенин биле алабыз.
Укканыбызды текшерүүнүн бир нече жолу бар:
Ыйса сүйлөгөн кезде: Анын үнү жазылган Сөзгө дайыма дал келет. Ыйык Китеп муну алдын ала айткан. Анын оозеки сөздөрү эч качан жазылган сөздөрүнө каршы чыкпайт.
Ыйса сүйлөгөндө, Анын үнү биздин жүрөктөрүбүзгө үмүт жана тынчтык сезимин берет. Анын үнү бизди айыпталган же көңүлү чөккөн бойдон калтырбайт. Ыйса айыптабайт. Ыйса сүйүү менен оңдойт.
Ыйсанын үнү дененин иштерин - ойноштук кылуу, нике бузуу ыпластык, адепсиздик, бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр чатак, көрө албастык жана ачуулануу, уруш талаш, келишпестик, бөлүнүү жана көрө албастык, шапар тебүүнү колдобойт. Булар Кудайдын үнүнө тиешелүү эмес.
Ыйса сүйлөгөндө, Анын үнү Кудайдын Рухунун жемиши - сүйүү, кубаныч, тынчтык жана чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк, момундук өзүн-өзү токтото билүү жөнүндө айтат.
Ыйса сүйлөгөндө -Анын үнү бизге шектенүүнүн ордуна бекем ишеним берет. Кудайдын үнүн укканыбызда, ичибизден аны сезип, тынчтыкка ээ болобуз. Биз баарын бир учурда укпашыбыз мүмкүн. Биз акыры биле тургандын бир бөлүгүн гана угушубуз мүмкүн. Бирок биз уккан нерселер бекем - туруктуу жана өзгөргүс болот.
Ыйсанын ар бир жолдоочусу үчүн жакшы кабар бар: биз дем АЛГАНДА жана Кудайды УККАНДА, анан дем ЧЫГАРЫП укканыбызга БАШ ИЙГЕНДЕ, анан укканыбызды башкалар менен БӨЛҮШКӨНДӨ - Кудай дагы да тагыраак сүйлөйт.
Анын деми биз аркылуу сыртка чыгарылат.
Биз анын үнүн дагы тагыраак УГУП калабыз. Үн башканыкы эмес, Аныкы экенин биле турган болобуз. Биз Анын дүйнөдөгү ишин КӨРӨБҮЗ жана Аны менен байланышып, иштеше алабыз.
Биз дем алабыз. Биз дем чыгарабыз. Өмүр.
ТАЛКУУЛОО
(10 min)
- Кудайдын үнүн угуп таануу эмне үчүн маанилүү?
- Теңирди угуу жана Ага жооп берүү чынында эле дем алуу сыяктуубу?
КАРАП ЧЫГУУ
(1 min)
Бул сабакта уккан түшүнүктөр:
- Кудай жөнөкөй адамдарды колдонот
- Шакирттин жана чиркөөнүн жөнөкөй аныктамасы
- Рухий дем алуу — бул Кудайды угуу жана Ага баш ийүү
NEXT STEP
БАШ ИЙҮҮ
Бул аныктамаларды досуңуз менен бөлүшүүнү практика кылып, Теңирге аны акыл эсиңиз жана жан дүйнөңүзгө терең түйүп алыңыз. Теңирден аны ким менен бөлүшүүңүздү кааларын сураңыз.
БӨЛҮШҮҮ
Аныктамаларды Теңир ким менен бөлүшүүгө түрткү берип жатса, ошол адамдар менен бөлүшүңүз. Анан аларды башкалар менен бөлүшүүгө шыктандырыңыз.