Зуме тренингине кош келиңиз. Зуме грек тилинде “ачыткыны” билдирет.
Ыйса бизге Кудайдын Падышалыгы бир аял чоң көлөмдөгү унга кошкон “ачыткыга” окшош экенин айткан.
Ал ачыткыны камырга кошуп, аралаштырганда ачыткы бүтүндөй камырга тарап аны толук ачыткан.
Ыйса катардагы эле адам кичинекей бир нерсени алып, аябай чоң нерсеге таасир эте аларын көрсөткүсү келген!
Биздин кыялыбыз Ыйса айткандай --дүйнө жүзүндөгү катардагы адамдарга кичинекей курал менен Кудай Падышалыгына чоң таасир тийгизүүгө жардам берүү.
Ыйса Өз жолдоочуларына берген акыркы көрсөтмөлөр жөнөкөй болгон. Ал: “Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди. Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө, Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом” деген.
Ыйсанын буйругу жөнөкөй --Шакирт кылгыла
Аны аткаруу үчүн берген Анын көрсөтмөсү да жөнөкөй --Кайда барсаңар да, шакирт жасагыла
Анда шакирт жасоонун кандай кадамдары бар?
Анын буйруктарынын бири шакирт жасоо буйругу болгондуктан, Ыйсаны ээрчиген ар бир шакирт кантип шакирт жасоо керектигин да үйрөнүшү керек.
Ал шакирттер – шакирт жасоочу шакирттер. Бул шакирттер да –шакирт жасоочу шакирттер.
Көбөйүүчү шакирттер. Зуме ушундайча иштейт.
Иш аракет кылып, камырды толук көптүрүп чыкканишти ачыткы өзү аткарат.
Ыйса барып шакирт жасагыла деген буйрукту берген учурда убада да берген.
Ыйса мындай деген: “Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта мен силер менен болом”.
Ыйсанын ар бир жолдоочусу Ыйсанын биз менен болом деген убадасына ишениши керек. Анткени Ал биз менен!
Ыйса мындай деген: Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик мага берилди. Ошондуктан барып шакирт жасагыла.
Ыйса бизди жиберип жатканда Ал таянган кадырлуу бийлик -- Анын бийлиги.
Ыйса мындан жогору бийлик жок экенин айтат. Бир да салт мындай бийликке ээ эмес.
Бир да маданият андай бийликке ээ эмес. Дүйнөдө бир да мыйзамдын мындай бийлиги жок.
Ыйса – Баргыла да...шакирт кылгыла деген.
Биз да Зуме – ачыткы сыяктуу бардык ишти акырына чыгарганга чейин барууну жана өсүүнү улантабыз.